22.11.2018

Душанбе

Германия өкмөтү Тажикистанга саламаттыкты сактоо, каржы, энергетика, адистик билим берүү жана инновация тармактарын өнүктүрүү үчүн 27 млн. евро бөлүп берет.

Жакында эле Душанбе шаарында тажик-немец өкмөттөрүнүн сүйлөшүүлөрү болуп өттү деп билдирди Тажикстандын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги.

Борбордук жана Чыгыш Азия экономикалык кызматташуу жана өнүгүү федералдык министрлигинин бөлүм башчысы Картин Оллерс айым Германия өкмөтүнүн Тажикстанга 27 млн. евро бөлүп берерин билдирди.

Бул каражат саламаттыкты сактоо, каржы, энергетика, адистик билим берүү жана инновация сыяктуу артыкчылыктуу тармактарды өнүктүрүүгө жумшалат.

Сүйлөшүүнүн тараптары Германиянын каржылык колдоосу менен Тажикстанда ишке ашырыла турчу долбоорлорду талкуулашты, анын ичинде кургак учук оорусун дарылоо жана алдын алуу бейтапканаларын оңдөп-түзөө жана Мачитондо балдар кургак учук ооруканасын куруу долбоорлору да каралды.

Жолугушууда Тажикстандагы Германиянын каржылык колдоосу менен ишке ашырылып жаткан башка долбоорлор да талкууланды.

 

http://avesta.tj/2018/11/22/pravitelstvo-germanii-vydelit-tadzhikistanu-27-mln-evro/