Ушул жылдын 23-ноябрында, Таджикистан Республикасынын өкмөтү жана Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) $ 35 млн. доллар өлчөмүндө, аталган өлкөгө гранттык жардам берүү боюнча келишимге кол коюшту.

Бул каражат Өзбекстандын энергетика системасына кошулуу аркылуу, жалпы Борбор Азиядагы энергетикалык системасына кирүү үчүн колдонулат.

Ушул айда, Азия өнүктүрүү банкынын билдирүүсүндө, Таджикстандын энергетика комплекси өзгөчө жарандык согуш маалында, жетиштүү деңгээлде камсыздалбай жана жаңыланбагандыгы белгиленген. Мындай көрүнүш өз кезегинде, энергетика системасынын эң маанилүү болгон кош функцияналдуу коргонуу коопсуздугун начарлаткан.   

Борбор Азиянын жалпы энергетикалык системасы (БА ЖЭС) СССР учурунда түзүлгөн жана республикаларды  жергиликтүү деңгээлде байланыштырып турган жалпы энергетикалык системасы болгон.

Орта Азия өлкөлөрүнөн Кыргызстан жана Тажикстан суу ресурстарына салыштырмалуу бай болсо дагы, биринчи орунда суу ирригациялык сугат иштерине пайдаланылып, энергетика экинчи орунда болуп келген. Ошол эле убакта, Казахстан, Туркменистан, Өзбекстан газ жана нефтиге бай экендиги белгилүү.

http://avesta.tj/2018/11/27/35-mln-ot-abr-tadzhikistan-podklyuchitsya-k-edinoj-energosisteme-tsentralnoj-azii/