Тажикистандын өкмөтү майрам  күндөрүн өзгөртүү боюнча законду кайра карап чыгып, Сада майрамын 30- январь күнү белгилөөнү сунуштады. Сада  майрамы  орто кылымдарда эле белгилүү болгон жана ошондой эле Нооруз майрамынын бир бөлүгү болуп майрамдалып келген.

 ASIA Plus белгилегендей, орто кылымдагы Сада майрамы  Нооруз майрамына чейин 50 күн майрамдалган башкача айтканда 10 бахмана (30 январь) боюнча.

Арийлердин үрп-адат жана салт-сааналарына үч миң жылдан  ашык болгондугу белгилүү. Алардын көпчүлүгү азыркы күнгө чейин сакталып келет, буларга  Шаби Ялдо, Сада, Нооруз, Мехргон жана башка майрамдар кирет.

Мындан тышкары сунушталган өзгөртүүлөргө ылайык өкмөт жыл сайын 15-октябрда Мехргон майрамы жана Агрардык секторунун кызматчыларынын күнү, 26- октябрда Сот кызматчыларынын күнү болуп майрамдоону сунуштайт.