Тажикстандагы Кайраккум гидро энергетикалык станциясын калыбына келтирүү долбоорунун экинчи этабын ишке ашыруу үчүн 126 миллион доллар бөлүнөт.

ГЭСтин жаңылоо иштери Европа реконструкция жана Өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) тарабынан каржыланат.

Бул гидро обьект “Климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулукту жогорулатуу үчүн Кайраккум гидро электр станциясын жаңылоо” долбоорунун алкагында каржыланып жатат.

Долбоордун жалпы суммасы 126 млн. долларды түздү. Анын 38 млн. доллары Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы бөлгөн насыя түзөт. Ал эми 27 млн. доллары льготалык негизде берилсе, 23 млн. доллары “Жашыл климат” фонду тарабынан грант түрүндө, ошондой эле 35 млн. евро Европа инвестиция банкы тарабынан, насыя катары берилген.

Программанын алкагында Кайраккум ГЭСне учурдагы орнотулган кубаттуулугун 126 МВттан 174 MВтка чейин максималдуу жогорулатуу жана калыбына келтирүү иштери пландалууда.

Долбоор үстүбүздөгү жылы башталып 2024-жылы аякталышы күтүлүүдө. Буга чейин билдирилгендей долбоорду ишке ашыруу General Elecktric Hydro (Франция), General Elecktric Renewadle (Швейцария) и Cobra Instalaciones Servision SA (Испания) ишканаларынын консорциумуна берилген. Долбоордун экинчи этабын ишке ашыруу үчүн керектүү документтерге “Барки точик” мамлекеттик энерго холдинги жана белгиленген консорциум менен кол коюлуусу күтүлүүдө.

http://avesta.tj/2018/12/03/na-prodolzhenie-rekonstruktsii-kajrakkumskoj-ges-budet-vydeleno-126-mln/