21.09.2018

Быйылкы жылдын алгачкы сегиз айында Тажикстандын бардык КМШ өлкөлөрү менен соода жүгүртүүсүнүн көлөмү өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу өскөн.

Жогорку өсүш Өзбекстан менен (2,3 эсе), Азербайжан менен (2,2 эсе) жана Кыргызстан менен (2,1 эсе) болгон.

Тажикстандын cтатистика боюнча агенттигинин маалыматына караганда, быйылкы жылдын сегиз айынын жыйынтыгы боюнча Өзбекстан менен болгон соода-сатык көлөмү 192,6 млн. долларды түзгөн, алардын 11,8 млн. доллары азык-түлүк импортунун үлүшүнө туура келет.

Ал эми Өзбекстанга  жасалган экспорттун көлөмү болсо, дээрлик 80,8 млн. долларды түздү. Тажикстандын Кыргызстан менен болгон товар жүгүртүүсү дээрлик 4 млн. долларды, ал эми Азербайжан менен болсо 4,4 млн.долларды түздү.

Товар жүгүртүүнүн биринчи сабында 651,9 млн.доллар менен Россия турат. 553,3 млн.доллар менен Казахстан кийинки орунда турат.

Жалпысынан бул жылдын алгачкы сегиз айында, Тажикстан менен КМШ өлөлөрүнүн ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү 1,5 млрд. долларга жеткен. Жогорудагы көрсөткүч, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 17,8% пайызга жогору.

http://avesta.tj/2018/09/21/obem-tovarooborota-tadzhikistana-so-stranami-sng-uvelichilsya-na-17-8/