07.01.19

Тажикстан өкмөтү өнөктөштөрү менен биргеликте калкты суу менен камсыздандыруу жаатында 2,4 млрд. сомони өлчөмүндөгү 17 мамлекеттик инвестициялык долбоорду ишке ашырып жатат.

Өлкөнүн тиешелүү бөлүмдөрүнүн маалыматына ылайык, жыл башынан бери белгиленген сумманын 50 пайызы төлөндү.

Берилген маалыматтарга караганда, акча каражатынын 80 пайыздан ашыгы райондук жана шаардык борборлорду суу менен камсыз кылуу тармагын өнүктүрүү үчүн багытталган. Тажикстандын калкынын 70 пайыздан ашыгы айыл жергелеринде жашашат.

Буга чейин белгиленгендей өлкөнүн 60 пайыздан ашыгы таза суу мене камсыздалган. Суу менен камсыз кылуу тармагында эл аралык каржы уюмдары жана айрым өлкөлөрдөн алынган насыя жана гранттарга бир катар долбоорлорду ишке ашыруу менен мүмкүн болду.

Бир канча жыл мурун бардык 4884 калк отурукташкан жерлерди таза суу мене камсыз кылуу үчүн 2 млрд доллардан ашык акча каражаты керек деп айтылган эле.

http://avesta.tj/2019/01/07/v-tadzhikistane-realizuyutsya-17-gosudarstvennyh-proektov-v-sfere-vodosnabzheniya-na-summu-2-4-mlrd-somoni/