Тажикстандын электр энергиясын экспорттоо көлөмү өткөн жылы болжол менен $ 77 млн.долларды түзгөн.

Өлкөнүн статистика агенттигин билдиргендей, бул көрсөткүч 2017-жылга салыштырмалуу $ 23,5 млн. долларга же  44,1% пайызга көп. Ооганстан жана Өзбекстан  Тажикстандын электр энергиясынын негизги сатып алуучулары болуп эсептелинет.

Буга чейин өткөн жылдын биринчи тогуз айынын ичинде Таджикистан  Өзбекстанга болжол менен 1,5 млрд. киловат электр энергиясы экспорттогон.

Өлкөнүн энергетика секторунун маалыматтарына ылайык, 2018-жылдын январь-декабрь айларында 19 млрд. 708,3 млн. киловат электр энергиясы өндүрүлгөн. Бул көрсөткүч  2017-жылга салыштырмалуу 8,8% пайызга көптүк кылат.

 Өлкөдө өндүрүлгөн электр энергиясынын 18 млрд. 361 млн. киловаты ГЭСтерге туура келет. 1,3 млрд. киловаттан  көбү жылуулук электр станцияларына туура келет.

ГЭСтерде электр энергиясын өндүрүү 2017-жылга салыштырмалуу 7,2% пайызга өскөн. Ал эми жылуулук элект станцияларында өндүрүлгөн электр энергиясынын көлөмү 37,4% пайызга өскөн.

Таджикистандын энергетика секторунда 2018-жылы, Рогун ГЭСинин биринчи агрегатынын ишке кириши электр энергиясын өндүрүүнүн көлөмүнүн көбөйүүсүнө чоң өбөлгө түздү. Өткөн жылдын ноябрь айынын экинчи жарымынан баштап жогоруда айтылган гидростанция күнүнө 2-2,5 млн. киловат  электр энергия өндүрүүдө.

 http://avesta.tj/2019/01/23/tadzhikistan-vyruchil-za-eksport-elektroenergii-77-mln/