Таджикистанда 270 миң тонна пахта жыйналды. CA-NEWS (TJ) – Өткөн айдын эсеби менен Таджикистанда болжол менен 270 миң тонна чийки пахта жыйналган деп билдирет, айыл чарба минстирлигинин басма сөз кызматы.

Билдирүүдө, чогултулган түшүм алдын ала болжолдонгон пландын 76,3% пайыздык көрсөткүчүн түзөт. Ошондой эле өткөн жылдын ушул мезгилдеги көрсөткүчүнө салыштырмалуу 97,9 миң тоннага көптүк кылат. Орточо эсеп менен алганда республика боюнча күнүнө 4,9 миң тонна пахта чогултулат. Азыркы учурда пахта айдалган жети район 83% пайызга болжолдонгон планын аткарышкан. Айыл чарба минстирлигинин басма сөз кызматынын билдиришинче, өткөн жылы 312 миң тоннадан ашык чийки пахта өндүрүлгөн. Мындай көрсөткүч болжолдонгон пландын 90% пайызын түзөт. Өткөн жылы 162,5 миң гектар жерге пахта себилген эле. Тагыраак айтканда Хатлон областында 155,5 миң гектар, болжол менен 44,2 миң гектар Согдуда жана 2,8 миң гектардан ашыгы республиканын башка райондорунда эгилген.