31.01.19.

Бул жылы Тажикстан, Өзбекстандан алып келген  жаратылыш газынын көлөмүн төрт эсеге жогорулатат.

"Taciktransgaz"  мамлекеттик ишканасынын башкы директордун орун басары Шавкат Шаимзаде, басма сөз  кызматына берген билдирүүсүндө, өткөн акыркы жылы Өзбекстандан 54 млн куба метр жаратылыш газын сатылып алынгандыгын бул жылы көрсөткүч 4 эсе көбөйө тургандыгын билдирди.

Шавкат Шаимзаде 2019-жылы Тажикстан Өзбекстандан болжол менен 200 млн. куб метр жаратылыш газын сатып алуу планы бар экендигин билдирди.

Бул жыл үчүн өзбек жаратылыш газын сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү тараптар башталгандыгын,  жакынкы күндөрү  келишимге кол коюула тургандыгын белгилеп өттү.

Тажик бийликтери мурда, алар буга чейин өзбек жаратылыш газынын миң  кубо метрине $ 120 доллардан төлөп келгендигин  жарыялаган.

Тогуз жылдык тыныгуудан кийин, Тажикстан Өзбекстанга электр энергиясын экспорттоону башташа, Өзбекстан болсо,  жаратылыш газын сатууну баштаган эле.

Өзбекстанда жыл сайын орто эсеп менен 60 миллиард куб метр жаратылыш газы өндүрүлөт. Анын басымдуу көпчүлүк бөлүгү өлкөнүн ички керектөөсүнө сарпталат. Калган 10-12 миллиард куб метр көлөмүндөгү жаратылыш газы Кытай, Россия жана башка өлкөлөргө экспорттолот.

http://kabar.kg/tur/news/tacikistan-ozbekistandan-alaca-do-al-gaz-art-racak/