06.02.19.

CASA-1000 долбоорунун Таджикстандын аймагы аркылуу өткөн бөлүгүндө электр өткөрүү куурларын  алдын ала куруу иштерин башталды.

Тажикстан энергетика жана суу ресурстары министрлигинин маалыматы боюнча, долбоор алкагында Сангтудда 500 Кв өзгөрмөлүү ток өтө турчуу электр линиясы жана өзгөртүүчү көмөк чордонунун тажик бөлүгү курулат. Бул  иштер швециялык  ABB компаниясы жана индиялык компания Kalpataru Power Transmission Ltd. тарабынан ишке ашырылат.

Маалыматка ылайык, индиялык компания буга чейин алдын ала төлөмдү алган жана 500 Кв электр өткөрүүчү линиясынын тажик бөлүмүн куруу боюнча алдын ала иштерин баштаган. Сангтудадагы өзгөртүүчү көмөк чордонун швециялык АВВ компаниясы тарабынан курулат.

Энергетика министрлиги долбоорду ишке ашырууну, долбоорго мүчө болгон өлкөлөр - Кыргызстан, Ооганстан жана Пакистан да баштаганын билдирди.

Буга чейин долбоордун жалпы наркы  $ 1 миллиард деп айтылса, чыгымдар Тажикстанга - $ 314 млн, Кыргызстанга - $ 209 млн, Ооганстанга - $ 354 млн жана Пакистанга - $ 209 млн болуп бөлүнгөн. Инвестор катары Тажикстанда эл аралык каржы институттары - Дүйнөлүк банк (ДБ), ЕРӨБ, Ислам өнүктүрүү банкы (ИӨБ), Улуу Британия өкмөтү жана башкалар эсептелинет. Атап айтканда, долбоордун тажик бөлүмүн ишке ашыруу үчүн Дүйнөлүк Банк $ 45 млн каражат бөлсө, ИӨБ-70 млн  ЕРӨБ - $ 110 млн бөлөт.

http://ca-news.org/news:1494175