02.11.19.

Өткөн жылы чет өлкөлүк инвесторлор тажик экономикасына $ 645 млн инвестиция салган, анын жарымынан көбү тике салымдар болуп эсептелинет.

2018-жылы Тажикстан $ 6,1 млрд сомони же $ 645млн чет өлкөлүк салым тарта алса анын ичинен 3 млрд же $ 326 млн. доллары чет өлкөлүк түздөн-түз салым экенин Тажикстан өкмөтүнүн алдындагы инвестиция жана мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча комитети билдирди.

Жалпысынан алганда, азыркы учурда өлкөдө жалпы суммасы 30,5 млрд сомони же $ 3.23 млрд. доллардык 69 долбоор ишке ашырылып жатат.

Алардын ичинен 23 гранттык долбоорлор, 12-кредиттик жана аралаш каржылоо менен 34 долбоор бар.

Долбоорлор башталгандан тартып ушул жылдын 1-январына чейин, жалпы суммасынын жарымы, башкача айтканда- 15,5 млрд сомони ($ 1,64 миллиард)  төлөнүп берилген.

Атап айтканда, өткөн жылы 3,9 млрд сомони ($ 418,6 млн.) төлөнүп берилген, бул пландаштырылган көлөмдүн 96% пайызын түзөт.

 Ишке ашырылып жаткан долбоорлор Азия өнүктүрүү банкы ($ 743 млн.), Дүйнөлүк банк (594 млн $). Кытайдын Эксимбанкы ($ 467 миллион.), Евро Биримдик кайра куруу жана өнүктүрүү банкы ($ 403 млн.), Ислам өнүктүрүү банкы ($ 148,6 млн) жана башкалар тарабынан каржыланып жатат.

http://www.biznesinfo.az/news/worldnews/params/ln/ru/article/115690