Өзбекстан Тажикстанда  "Artel" муздаткычтарын жасоочу завод ачууну пландаштырып жатат. Бул тууралуу  12-февралда Тажикстан Инвестиция жана мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Фаррух Хамрализода билдирди.

Тажикстан министрлигинин башчысынын пикири боюнча, азыркы учурда Дүйшөмбү шаарында "Artel" заводун ачуу  маселеси чечилип жатат.

Фаррух Хамрализода белгилегендей, тажик рыногуна бир нече жыл мурун чыккан өзбек компаниясынын продукциясы Таджикистанда калк арасында чоң популярдуулукка ээ болгон.

Расмий маалыматтарга ылайык, 2018-жылы өзбек ишкерлери Тажикстанга  $ 5.35 миллиард доллар өлчөмүндө инвестиция жасашкан. Тажик министринин айтымында, өзбек салымдары айыл чарба, канаттууларды багуу жана багбанчылыкка багытталган.

Айта кетсек,  өткөн жылдын сентябрында, "Artel"  кир жуугуч машинесин чыгаруучу биргелешкен кыргыз-өзбек  иш-канасы Кыргызстандын түштүгүндөгү Ош шаарында ачылган.

http://ca-news.org/news:1495532