20.02.19.

Тиешелүү токтомдун долбоору жакында өкмөттүк кароого жиберилет.

Тажикстан Каржы министри Файзиддин Кахорзоданын айтымында, жакынкы келечекте токтомдун долбоору министирлер кабинеттин кароосуна жиберилет жана кийинки жолугушууда кабыл алынат деп билдирди. Азыркы учурда, ал документ башка министрликтер жана бөлүмдөрдө каралып жатат.

Документке ылайык, Каржы министрлигинен уруксат алгандан кийин Тажикстандын ар бир жараны баалуу металлдарды өз алдынча издей алат, ошондой эле казып алганга укуктуу болот. Ал эми, Мамлекеттик каржы институттары министрлик тарабынан белгиленген нарк боюнча аларды кабыл алат.

Бүгүнкү күнгө чейин, баалуу металлдарды казып алуу иштери өлкөдө кенчилердин штатына катталган компаниялар тарабынан гана жүргүзүлүп келген. Ал эми, кенчилер штаты болсо, компанияга кайра иштетилген бардык баалуу металды компания тарабынан белгиленген баада берүүгө милдеттүү болот.

http://www.aif.ru/society/smi_vlasti_razreshat_zhitelyam_tadzhikistana_dobychu_zolota