23.02.19.

Россия Федерациясынын Мамлекеттик статистиканын федералдык кызматынын маалыматына караганда: алгач жолу Тажикстан Россиянын башкы миграциялык донору болду.

Тажикстандан мигранттардын агымы 31 миңден ашкан. 2018-жылы ар бир төртүнчү мыйзамдуу мигрант Тажикстандан Россияга келген. Экинчи орунда, Казахстан орун алды (26,5 миңден ашуун). Үчүнчү орунда – Украина (14,8 миңден ашуун). Украинадан келген мигранттардын саны 2017-жылга салыштырмалуу үч эсе азайган. Украина 2014-жылдан бери Россиядагы мигранттардын саны боюнча биринчи орунда болуп келген.

Россиядагы мигранттардын саны боюнча, Өзбекстан дагы деле лидер өлкө болуп саналат. Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 2018-жылы Өзбекстандын 4,5 млн. жараны каттого алынган, ал эми 3,25 млн. киши каттоодон чыгарылган (сальдо – 1,25 млн.). Экинчи орунда Тажикстан турат. 2,33 млн. киши каттого алынган, ал эми каттодон чыгарылгандардын саны 1,53 млн. ( сальдо – дээрлик 800 миң).

http://ca-news.org/news:1497338