08.03.19.

Тажикстандагы Нурек ГЭСин калыбына келтирүү боюнча долбоордун биринчи баскычын иш жүзүндө ишке ашыруу, ушул жылдын экинчи чейрегине пландалып жатат.

Профилдик бөлүмдөргө ылайык, долбоор  өткөн жылы жайында  тендерди утуп алган компаниялар тобу  (Германия-австриялык консорциум) "ANDRITZ" тарабынан ишке ашырылат.

Долбоорго ылайык, эски жабдуулардын ордуна  жаңы гидротехникалык жабдуулар  орнотулат. Иштелип чыккан электр энергиясынын чыңалуусун жана энергосистеманын башка элементтерин жөнгө салуучу автотрансформаторлор да алмаштырылат.

Буга чейин, Тажикстандын энергетика жана суу ресурстары министрлиги  Нурек ГЭСи модернизациялангандан кийин кубаттуулугу 3.3 MW, же 10% пайызга өсөт деп билдирди. Маалыматка ылайык, ГЭСти толук модерндештирүү үчүн учурдагы техникалык-экономикалык негиздемесин эске алганда, $ 700 млн. доллар акча каражаты керектелет.

Долбоордун биринчи баскычынын баасы $ 350 млн. долларды түзөт. Бул каражаттар Эл аралык өнүктүрүү уюму (дүйнөлүк банк) $ 225 млн,  Азия инфраструктуралык инвестиция банкы (АИИБ) $ 60 млн. доллар эсебинде эл аралык каржы институттары тарабынан бөлүнүп берилди. Ал эми,  $ 57 млн. доллар болсо, гранттык каражат болуп саналат. Биринчи этапты ишке ашыруу мөөнөтү 5 жылды түзөт.

https://tj.sputniknews.ru/country/20190307/1028441230/Stalo-izvestno-kogda-nachnetsya-modernizatsiya-Nureksko