16.03.19.

Тажик-Беларус ЖАК "Агротехсервис" Пакистанга Беларус-512 маркасындагы 12 бирдик трактор экспортоонуу пландаштырууда.

 Өлкөнүн Өнөр-жай жана технологиялар министрлиги жана Пакистандын PAK FOODS компаниясы ортосунда тиешелүү макулдашууларга кол коюлган.

Маалыматка ылайык, учурда Пакистанга трактор экспортоо үчүн даярдык иштери жүргүзүлүп жатат.

Өнөр-жай министрлиги, «Агротехсервис» ЖАКнын базасында Беларус-982.1 жана Белорус-982.2 маркасындагы тракторлорду жыйноо иштерин баштайт. Ошондой эле Тажикстандын да  жеке чарбаларын заманбап айыл чарба техникасы менен  камсыз кылат.

Таджикистан мене Беларусиянын Гиссарда биргелешкен иш-канасы  Өзбекстан, Афганистан жана Пакистан боюнча трактордун ар түрдүү моделдерин камсыз кылууну улантууну пландаштырууда.

Тажик-Беларус тракторду чогултуу жана башка айыл чарба жабдууларды чыгарган иш-канасы 2016-жылы ишке киргизилген эле. Өндүрүштүн биринчи продукциясы 2018-жылдын 16-майында колдонууга берилген.

2018-жылдын башынан бери, ишканада айыл-чарба жабдыктарын 106 даанасы чогутулган. Анын ичинде, Belarus-82.1- 82, Belarus-80Х -10, Belarus-512 –10 маркасындагы тракторлор бар.

http://avesta.tj/2019/03/15/tadzhikistan-eksportiruet-v-pakistan-12-traktorov-belarus-tadzhikskoj-sborki/