25.03.19.

Бүткүл дүйнөлүк банктын аткаруучу директорлор кеңеши, Тажикстандын айыл жерлериндеги электр энергиясынын абалын жакшыртуу үчүн 24 млн. доллар өлчөмүндөгү гранттык каржылоону бекитти.

Эл аралык өнүктүрүү боюнча каржылоонун  эсебинен бөлүнгөн акча каражаты CASA-1000 (Борборук Азия - Түштүк Азия) электр чубалгысы аймактык долбоорун бойлото жайгашкан айылдардын жергиликтүү инсфрасктурасынын абалын жакшыртууга багытталат деп билдирди Дүйнөлүк банктын басма сөз кызматы.

Бул каржылоонун алкагында электр энергиясы менен камсыз кылуу кызматтарынын ишенимдүүлүгүн жана сапатын жакшыртуу максатында айыл жергелериндеги электр жабдууларды калыбына келтирүү жана жаңылоо иштери да каралып жатканы билдирилди. “Ошондой эле коомчулук өздөрү тарабынан тандалып алынган, чакан жана социалдык-экономикалык объекттерди каржылоо үчүн айылдарга чакан гранттар бөлүнүп берилет", - деп билдирилди.

Бүткүл дүйнөлүк банкынын маалыматына караганда бул программа Согд, Хатлон  райондорунун карамагындагы 60 айылды камтыйт. Мындан сырткары, өлкөнүн түндүгүндө бөлүнгөн каражаттын эсебинен «Исфара-1» электр көмөк чордонун жана бөлүштүрүү тармагын куруу пландалып жатат. Бул макстаттарды ишке ашыруу үчүн CASA-1000 долбоорунун донорлорунун көп тараптуу трасттык фонду тарабынан кошумча 2 млн. доллар бөлүнмөкчү.

http://ca-news.org/news:1502122?from=portal&place=last&b=1