01.04.2019.

Тажикстан менен Түштүк Корея туризм тармагында кызматташууну жолго салууну көздөөдө жана тараптар буга байланыштуу өз-ара келишимге кол коюшту.

Тажикстандын өкмөтүнө караштуу Туризм өнүктүрүү комитетинин төрагасы Нумон Абдугаффорзода, бүгүн Дүйшөмбү шаарында Корея Республикасынын Эл аралык туризм ассоциациясынын президенти  Ю. Джеек мырза менен жолугушту.

 Жолугушуу учурунда, тараптар эки өлкө ортосундагы  туризм тармагындагы кызматташуунун  мүмкүнчүлүктөрүн жана келечеги талкуулашты.

Талкуунун жүрүшүндө, эки өлкөнүн туристтик компанияларынын бизнес-форумун өткөрүү, тематикалык көргөзмөлөрдү уюштуруу жана Түштүк Кореянын тажрыйбасын үйрөнүү мүмкүнчүлүктөрү сүйлөшүлдү.

Ошондой эле Тажикстандын туристтик чөйрөдө кызмат көрсөткөн ишкерлерине атайын курстар уюштуруу менен бирге эки өлкө ортосунда туристерди алмашуу ииштери тууралуу да талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында, Тажикистандын туризмди өнүктүрүү комитети менен Түштүк Кореянын Эл аралык туризм ассоциациясынын ортосунда кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюлду.

Тажикстан туризм өнүтүрүү комитетинин маалыматына ылайык, 2018-жылы өлкөгө 1миң 363 Түштүк Кореянын жараны келген.

http://avesta.tj/2019/03/30/tadzhikistan-i-yuzhnaya-koreya-podpisali-memorandum-o-sotrudnichestve-v-sfere-turizma/