Жакын арада Тажикстан менен Россия миграция тармагында жаңы макулдашууга кол коюшат- деп Тажикстандагы орус элчиси  Игор Лянин-Фролов билдирди. Документтер 17-апрелде Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмондун Москвага боло турган расмий иш сапары учурунда кол коюулмакчы.

Иш сапардын алкагында Тажикстандын башчысы Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушат.

Ошондой эле, эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюу пландаштырылууда.

Буга чейин Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 5-февраль күнү Тажикстанга жасаган иш сапары учурунда бул  документтер топтому  миграциянын көмүскөдөн чыгышына жана эмгек мигранттарга  ыңгайлуулук камсыз кылуу үчүн зарыл экенин айткан эле.

Өз кезегинде, долбооруна ылайык, Тажик бийликтери, өз жарандарына Россияда ишеничтүү жана  коопсуз жерлерде ишке орноштуруу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат таратууга,  бош жумуш  орундары үчүн талапкерлерди тандоого,  алардын кесиптик даярдыгын камсыз кылуу  жана келишимдин мөөнөтү аяктагандан кийин же орус мыйзамдарынын бузуусунан кийин мигранттардын мекенине кайтарылышына жардам берүүгө тийиш болмокчу. Россияда бир миллион тегерегинде тажикстандандык мигрант эмгек кылат. Ар кандай маалыматтар боюнча, алардын акча которуулары Тажикстандын ИДПнын үчтөн бир бөлүгүн түзөт.

https://rus.azattyk.org/a/29864720.html