16.04.19.

Тажик президенти Эмомали Рахмон, Орусияда тажик эмгек мигранттары үчүн мунапыс берүүнүн келээрки этабын өткөрүүгө ниеттенип жатат.

Бул тууралуу 16-апрель күнү Эмомали Рахмон жана Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын спикери Вячеслав Володин менен болгон жолугушуудан кийин белгилүү болду.

Мамлекет башчы, миграциялык чөйрөдө "көңүл бурууну талап кылган" ачык суроолор бар экенин белгиледи. Алардын арасында  каттоого туруу жана жумушка патент алуунун жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, мигранттардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктук статусун аныктоо маселелери бар.

Тажик президенти, тажик эмгек мигранттары үчүн мунапыс берүүнүн кезектеги этабын жүргүзүүгө ниеттенээрин белгиледи. Мындан тышкары, Таджикистан Москвадан миграциялык каттоого туруу жана өз жарандары үчүн патенттерди алуу процедураларын жөнөкөйлөтүүнү сурайт.

Эки жыл мурда Россияда административдик укук бузган Тажикстандык 122 миң эмгек мигрантына мунапыс берилген. Расмий маалыматтар боюнча Россияда эмгек миграциясында Тажикстандын 1 миллиондон ашык жараны бар.

Россия Тажикстандын экономикалык активдүү өнөктөшү бойдон калууда. Өткөн жылы эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүү көлөмү 1 млрд долларды түзсө, Россиянын Тажикстан экономикасына салган инвестициясы $ 1,6 млрд. доолардан ашты.

Эмомали Рахмон 16-апрелде Россияга расмий иш сапары менен келди. 17-апрелде ал Россия президенти Владимир Путин менен жолугушуп,   тараптар бир катар эки тараптуу документтерге, анын ичинде Таджикистандан келген эмгек мигранттарын Россияга уюшкан түрдө алуу жөнүндө макулдашууга кол коюшту.

https://asia-times.org/migraciya/3855-emomali-rahmon-tadzhikistan-rasschityvaet-na-novuyu-migracionnuyu-amnistiyu-v-rossii.html