17-апрелде Кремлде, Орусия президенти Владимир Путин менен  Москвага расмий иш сапары менен келген, Тажикстан башчысы Эмомали Рахмон ортосунда сүйлөшүүлөрү болуп өттү.

"Отурумда эки тараптуу кызматташтыктагы негизги маселелер, саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы өз-ара пайдалуу кызматташууну өнүктүрүү боюнча чаралар, актуалдуу регионалдык көйгөйлөр талкууланды"- деп билдирет, Россия Федерациясынын президентинин расмий сайтында.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду:

1.Россия жана Тажикстандын өкмөтү ортосунда Дүйшөмбү, Куляб, Ходжент, Бохтар жана Турсунзаде шаарларында, орус тилинде  билим берүүчү окуу-жайларын куруу жана материалдык-техникалык жактан камсыздоо тууралуу макулдашуу.

  1. Россиянын аймагында убактылуу иш менен камсыздоо максатында, тажик жараандарын уюшулган түрдө алуу тууралуу Россия менен Тажикстан өкмөтү ортосунда макулдашуу.
  2. Россия жана Тажикстан өкмөтү ортосунда туризм тармагында кызматташтык тууралуу макулдашуу.
  3. Россия менен Тажикстан өкмөтү ортосунда 2013-жылы 6-февралда тарта макулдашылган Тажикстан Республикасын нефтепродуктулар менен камсыз кылуу тууралуу келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол.
  4. 2019-2021-жылдарга баңги зат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы, Россиянын Ички иштер министрлиги менен Тажикстан Республикасынын Президентине караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча агенттиктин ортосундагы макулдашуу.
  5. Россия Федерациясынын Федералдык бажы кызматы менен Тажикстан Республикасынын өкмөтүнө караштуу бажы кызматы ортосунда, товарларды жана транспорт каражаттарын өткөрүүдөгү бажы операцияларын жүргүзүүнү жөнөкөйлөтүү жөнүндө макулдашуу.
  6. Россия Илимдер Академиясы менен Тажикстандын илимдер академиясы ортосунда Илимий кызматташтык жөнүндө макулдашуу.

8.Алюминий өнөр жай тармагында, ВТБ ачык акционердик коому жана "Тажик алюминий компаниясы"мамлекеттик унитардык ишканасы ортосунда кызматташтык келишими.

 

https://ia-centr.ru/publications/rossiya-i-tadzhikistan-podpisali-17-soglasheniy-po-itogam-peregovorov-prezidentov-spisok/