28.04.19.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кытай Элдик Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушту. Жолугушуу Пекинде өткөн "Бир алкак - Бир жол" жогорку даражадагы экинчи  эл аралык кызматташуу боюнча форум алкагында  өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Тажикстан жана Кытай  стратегиялык өнөктөштүк кызматташтыгы, достук жана кошуна мамилелери  боюнча бир катар маселелер талкууланды.

Рахмон жана Си Цзиньпин эки өлкө ортосунда, жогорку дэңгээлде саясий, экономикалык жана гуманитардык мамилелер түзүшкөнүн, жана ошондон улам буга чейин жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн күчөтөөрүн  белгилешти.

Эмомали Рахмон: “Таджикистанда долбоорлорду өнүктүрүү, колдоо кытай капиталынын жардамы менен ишке ашырууда. Эки өлкөнүн ортосундагы товар алмашуунун көлөмүн көбөйтүүдө, улуттук экономиканы өнүктүрүүдө, улуттук өнүгүү стратегиясын натыйжалуу ишке ашырууда, биздин өлкөнүн индустриалдашуусуна  жана эки өлкөгө пайдалуу башка тармактарда Кытайдын Элдик Республикасынын позитивдүү ролу бар"- деп билдирди.

Ошондой эле,  өлкө башчылары  мындан аркы кытай капиталынын  тоо-кен өнөр-жайы, энергетика, транспорт,  Тажикстандын айыл чарба секторуна тартууну, чакан жана орто индустриалдуу долбоорлорду колдоосун талкуулашты.

Эки тарап тең терроризм, экстремизм, сепаратизм, улуттар аралык уюшулган кылмыш, баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүү сыяктуу  азыркы дүйнөдөгү коркунучтарга каршы күрөшүү боюнча, биргелешкен иш-чараларды мындан ары да улантууга  даяр экендигин билдиришти.

https://tj.sputniknews.ru/country/20190428/1028787671/Rahmon-i-Si-Tszinpin-obsudili-rol-china-ekonomike-Tajikistan.html