02.05.2019.

Тажикстан коңшу өлкөлөргө суткасына 11 млн. кВт/с электр энергиясын экспорттоодо.

Өлкөнүн тиешелүү энергетика бөлүмдөрүндө “Авестанын” берген маалыматына ылайык, экспорттун көп бөлүгү Өзбекстанга жасалууда. Мисалы, 1-майда Өзбекстанга 6,2 млн. кВт/с электр энергиясы экспорттолду. Афганистанга болсо 4,5 млн. кВт/с экспорттолгон. Ал эми Кыргызстанга 400 миң кВт/с өлчөмүндө электр энергиясы экспорттолгон.  

Билдирүүгө караганда, учурда аба шарттарына жана талапка жараша суткасына 53-55 млн. кВт/с электр энергиясы өндүрүлөт. Буга чейин маалым болгондой, Тажикстан бул жылы Афганистан жана Өзбекстанга электр энергия экспортун көбөйтүүнү пландап жатат. Жылдын башында «Барки точик» электр энергиясы өндүрүшүнүн эң жогорку чекитине жеткен учурда (жаз-жай сезону) Афганистанга жана Өзбекстанга өткөн жылкыга караганда дагы көбүрөөк электр энергиясын бере ала тургандыгын билдирген.

Тажик энергетиктери, бул жылы бийик тоолордо кар жетиштүү жаагандыгын, мындан сырткары жаңы киргизилген энергетикалык кубаттуулук жаз-жай мезгилдеринде электр энергиясынын өндүрүшүн көбөйтүүгө мүмкүндүк бере тургандыгын баса белилешти.

Энергетика жана суу ресурстары министрлигинин маалыматына ылайык, 2018-жылы чет өлкөгө 2,4 млрд. кВт/сааттан ашык электр энергиясы экспорттолгон. Бул экспорттордун натыйжасында өлкө 77 млн. доллар пайда тапкан.

Белгилей кетсек өткөн жылы Афганистанга сатылган ар бир киловат энергиянын баасы 4,11 цент, ал эми Өзбекстанга 2 центти түзгөн.

http://avesta.tj/2019/05/02/tadzhikistan-ezhesutochno-eksportiruet-svyshe-11-mln-kvt-ch-elektroenergii/