Тажикстан өкмөтүнүн төрагасынын биринчи орун басары,  Давлатали Саид, Азия Өнүгүү Банкынын президенти Такехико Накао менен 2019 жылдын 1-5 май күндөрү Фиджи аралында өтүп жаткан Азия Өнүгүү Банкынын. 52-жылдык жыйынынын алкагында  сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Тараптар, эки тараптуу кызматташтыкты талкуулашты, анын ичинде инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу, айрыкча жолдорду куруу, энергетика тармагында долбоорлор, туризмди өнүктүрүү, жеке секторду колдоо, климаттын өзгөрүшүнө тиешелүү маселелери дагы бар.  Ошондой эле, 2021-жылдан 2025-жылга чейинки мезгил ичинде АӨБ менен Тажикстан ортосунда жаңы өнөктөштүк стратегиясын иштеп чыгуу иш-чаралары каралды.

Ошону менен бирге эле, бүгүн, 3-майда, АӨБ Башкаруучулар Кеңешинин 52-жылдык отурумунун ачылыш аземинде, Такехико Накао өткөн жылдагы банктын ишмердүүлүгү тууралуу отчет берди. Анын сөзү боюнча, АӨБ тарабынан 2018-жылы берилген кредиттердин көлөмү рекорддук  $21,6 млрдга жеткен, мындан мурунку жылдын $19,7 млрдга салыштырмалуу дээрлик 10% пайызга өскөн.

Такехико Накао аземдин катышуучуларына,  өткөн жылдын июль айында АӨБ 2030 стратегиясы  кабыл алынгандыгын эске салды жана ал стратегияга ылайык банк жакырчылык маселелерин чечүү жана теңсиздикти кыскартуу, саламаттык сактоо жана билим берүү тармактарынын маселелери, жыныстык теңчилик, климаттын өзгөрүшү сыяктуу алты артыкчылыктуу багыттар боюнча иштей тургандыгын билдирди. Такехико Накаонун айтымында 2018-жылы АӨБ бул максаттар үчүн болжол менен $3,6 млрд каражат бөлдү. Тажикстан АӨБга 1998-жылы кошулган. Бүгүнкү күнгө чейин, өлкөгө АӨБ  жалпы көлөмү $1,7 млрд ашык жардам берген.

https://tajikta.tj/ru/news/tadzhikistan-i-abr-obsudili-perspektivy-sotrudnichestva-