05.13.2019.

Регионалдык CASA-1000 долбоорунун тажик бөлүгүн  ишке ашыруу 2021-жылдын аягына чейин бүтөт.

Маалыматка ылайык, бул долбоордун тажик бөлүгүнүн баасы $ 314 млн. түзөт. Бул каражаттар эл аралык каржы институттары болгон, Дүйнөлүк банк (ДБ), Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү (ЕРӨБ) банкы, Ислам өнүктүрүү банкы (ИӨБ), Улуу Британия өкмөтү жана башкалар тарабынан бөлүнүп берилмекчи. Атап айтканда, Дүйнөлүк Банк $ 45 млн, Ислам Өнүтүрүү Банкы $ 70 млн, Европа Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү Банкы $ 110 млн бөлмөкчү.

Долбоордун алкагында 500 кВ электр өткөргүч чубалгысынын тажик бөлүгү жа Сангтуда айландыруучу көмөкм чордону курулат. Шведдик ABB  жана индиялык Kalpataru Power Transmission Ltd.  компаниялары тарабынан ишке ашырылат.

Энергетика министрлиги  долбоорго катышкан Кыргызстан, Ооганстан жана Пакистан өлкөлөрүндө да иш башталганын айтты.

Буга чейин, долбоордун жалпы наркы $ 1 миллиарддан ашык акча каражаты  түзөт деп айтылган. Проекттинин чыгымдары боюнча, төмөдөгүдөй бөлүштүрүлгөн: Тажикстан - $ 314 млн, Кыргызстан - $ 209 млн, Ооганстан - $ 354 млн жана Пакистан - $ 209. млн.

CASA-1000 регионалдык долбоорунун алкагында 5 млрд. KW / с чейин электр энергиясын Тажикстан жана Кыргызстандан Пакистанга транзит кылуу пландаштырылган. Тажикстандын электр энергиясын экспорттоо 3 млрд кВ / с, же белгиленген көлөмдүн 70% пайызын түзмөкчү.

Буга чейин CASA-1000  долбоору боюнча жетишилген макулдашууларга ылайык,  электр энергиясынын экспорттук баасынын киловаттык сааты 9.35 цент болот деп белгиленген.

Аймактык  CASA-1000 долбоорун ийгиликтүү ишке ашырылса жылына, Тажикстанга $ 150 млн.доллардан ашык киреше алып келет. Ошондой эле, өлкө бул долбоордун алкагында өз аймагы аркылуу өткөрүлгөн, Кыргызстан электр энергиясынын транзитинен да кошумча киреше алмакчы.

http://avesta.tj/2019/05/13/realizatsii-tadzhikskogo-uchastka-proekta-casa-1000-zavershitsya-do-kontsa-2021-goda/