18-майда Душанбеде Тажикстандын төрагалыгы астында “Борбордук Азия+Япония” диалогунун тышкы иштер министрлеринин жетинчи жыйналышы болуп өттү.

Бул жөнүндө CA-News басылмасы билдирди. Жетинчи диалогко Казакстандын, Кыргызстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Япониянын Тышкы иштер министрлери жана Түркмөнстандын Тышкы иштер министринин орун басары катышты. Жолугушуунун алкагында үч сессия болду: "Борбордук Азия + Япония" диалогунун мүчө-мамлекеттеринин туризм тармагындагы практикалык кызматташуусу; "Борбордук Азия + Япония" диалогунун мүчө-мамлекеттеринин соода, инвестиция жана өнүгүү тармагында кызматташуусу; Борбордук Азияда аймактык коопсуздук жана кызматташуу; Жыйналыштын соңунда диалогдун мүчө-мамлекеттеринин өкүлдөрүнүн башчылары тарабынан “‘Борбордук Азия+Япония’ диалогунун тышкы иштер министрлеринин жетинчи жыйналышынын биргелешкен билдирүүсүнө” кол коюлду.

https://ca-news.org/news:1546992