05.07.19.

Индия өкмөтү баасы $ 46,5 млн. долларды түзгөн жол тилкесин, Душанбе шаарынын  аймагына куруп бермей болду.

Бул каражатты, Индия тарап гранттык негизде бөлүп бермекчи. Душанбе шаарынын  мериясынын басма сөз кызматынын билдиришинче, борбор шаардын башчысы Эмомали Рустам жана Индиянын Тажикстан Республикасындагы толук ыйгарымдуу элчиси Сомнат Гош мырза менен биргеликте жолдун курулуш ишинин ачылыш аземине катышышты. Долбоор 9,2 км узундуктагы жолду курууга пландаштырылган. Жол, шаардын батыш дарбазасынан “Чортут” кичи районуна чейинки аралыка  салынмакчы. Жолдун туурасы 40 метрди түзүп, бир эле учурда сегиз автомобиль жүрө алчу кеңдикте болмокчу. Мындан тышкары, долбоордун алкагында Чоң Ысар каналына көпүрө куруу, жол жээктеринде тротуар, жарыктандыруу жана жол белгилерин орнотууну да ичине камтыйт. Душанбе шаарынын мэри, тийиштүү кызмат адамдарына, долбоорду эл аралык стандарттардын талабына  жооп берген сапатта курууну жана өзүнүн белгиленген мөөнөтүндө бүтүрүү тапшырмасын берди. 

Эске сала кетсек, Индия өкмөтү Тажикстан Республикасына  ар кандай долбоорлорду ишке ашыруу үчүн финансылык-техникалык жардамдарды берип келет. Өткөн жылы, Индия Республикасынын президенти Шри Рам Натх Ковинди мырза Тажикстанга жасаган мамлекеттик иш сапарынын учурунда, Индия Тажикстанга $20 млн. акча каражатын кайтарымсыз негизде бере тургандыгын билдирген. 2002-жылы Индия өкмөтү Тажикстан Душанбе шаарынан 25 км алыстыкта жайгашкан “Айни” аскердик аэропортун реконструкциялоо боюнча келишимге кол коюушкан. Ал эми, 2007-жылы Индия келишимге ылайык реконструкция үчүн керектүү болгон акча каражатын которуп берген.

http://avesta.tj/2019/07/05/indiya-postroit-v-dushanbe-avtomobilnuyu-dorogu-stoimostyu-46-5-mln/