15.07.19.
Түркия Тажикстандын экономикасына түз инвестицияларды  салуу боюнча, Кытайдан кийинки  экинчи орунду ээледи.

Бул тууралуу, Түркиянын элчиси Али Рифат Көксалдын билдирүүсүнө таянып «Avesta» маалымат агентиги жазып чыкты.

Элчи мырзанын айтымында, Түркиянын тажик экономикасына түз инвестициялык салымдарынын көлөмү $200 миллион доллар каражатын түзгөн. Бул каражаттар, бир нече ишканаларды түзүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашыруу үчүн коротулган. Мисалы,  Coca-Cola суусундугун чыгаруучу, актоо сырдоо үчүн колдонулган каражаттар, эмеректер, жүргүнчүлөрдү ташуучу автобустарды чогултуучу ишканалары кирет. Түркиянын элчисинин  айтымында, азыркы учурда Тажикстанда 90 түркиялык ишканалар иш алып барышууда. Алардын жардамы менен ар түрдүү тармактарга тиешелүү болгон, 50дөн ашык долбоорлор ишке ашырылып жатат. Мындан тышкары, Али Рифат Көксал мырза, эки өлкө ортосундагы туризм тармагында да өнүгүү бар экендигин белгиледи.  Атап айтканда, өткөн жылы Түркияга Тажикстандын 41 миң жарандары барып кайтышкан. Ал эми, Тажикстанга болсо, Түркиядан 6 миң адам келип кетишкен. Эки тараптуу келип кетүүлөрдүн санынын өскөндүгүнө байланыштуу, мамлекеттердин ортосунда авиакаттамдардын санын жумасына беш жолу учууга көбөйтүү тууралуу чечим кабыл алынган. Азыркы учурда, авиакаттамдардын саны эки тарапка жумасына үч жолудан болууда.

http://avesta.tj/2019/07/15/turtsiya-zanimaet-vtoroe-mesto-po-vlozheniyu-pryamyh-investitsij-v-ekonomiku-tadzhikistana/