Тажикстандын көз карандысыздыгынын 28 жылдыгынын урматына, 9-сентябрь күнү Рогун ГЭСинин экинчи агрегаты ишке киргизилди.

Экинчи агрегатты ишке берүү ачылыш аземине, өлкө президенти Эмомали Рахмон, Душанбе шаарынын мери Рустам Эмомали, өкмөт башчысы Кохир Расулзода, чет өлкөлүк дипломаттар жана Рогун ГЭСнин  куруучулары катышышты.

Финансы минстирлигинин берген маалыматы боюнча, Рогун гидроэлектростанциясынын курулуш иштерине өткөн жылы мамлекеттик бюжеттин эсебинен 2,1 миллиард сомони ($222,6 млн) акча каражаты бөлүнүп берилген.

Рогун гидроэлектростанциясы, Вахш дарыясына курулган тогуз ГЭСтин бири болуп эсептелет. Душанбе шаарынан  110 километр аралыкта жайгашкан. Ар бири 600 МВт. кубаттуулуктагы электр тогун чыгарган алты агрегаттан турат.

Сууну тосуп турган дамбасынын бийиктиги 335 метрге жетип дүйнөдө алдынкы орундарынан бирин ээлейт. Рогун ГЭСинин  жалпы кубаттуулугу 3600 МВт  түзүп аймактагы эң ирилеринен бири болуп саналат.

https://tj.sputniknews.ru/main/20190909/1029820029/Tajikistan-zapuschen-vtoroy-agregat-Rogunskay-GES.html