01.10.19

Тажикстандын негизги экспорттук өнөктөшү катары Түркия, Швейцария, Өзбекстан жана Казакстан өлкөлөрү болуп саналат.

Тажикстандын статистикалык  агенттигинин берген маалыматына караганда, экспорттун жалпы үлүшүнүн 21,5% пайызы Түркияга   туура келген. Швейцария менен бул көрсөткүч 17,8% пайызды түзөт. Жогорудагы өлкөлөргө, негизинен түстүү жана баалуу металлдар, алюминий, пахта жана башка товарлар кирет.

Жалпысынан, 2019-жылдын январь жана август айларында, Түркияга болгон экспорттун көлөмү $ 150,2 миллион долларды түзгөн. Ошол эле мезгил ичинде өлкөгө келген импорттук товардын көлөмү  $ 95,7 миллион долларга жеткен. Ал эми, отчеттук мезгил ичинде Түркия менен товар алмашуунун көлөмү $ 246 миллион доллардан жогору болду.

Оруссия өлкөсү Тажикстан менен соода жүргүзүүдө биринчи орунда турат. Бул жылдын январь жана август айлары аралыгында эки өлкөнүн соода жүгүртүүсүнүн көлөмү $ 654,6 миллион долларга жеткен. Чет өлкөлөргө экспорттолгон негизги товарлардын тизмесине, алюминий, пахта, баалуу металлдар жана кургатылган ар түрдүү жемиштер  кирет. Орусиянын Тажикстанга саткан товарынын жалпы импортунун көлөмүнүн 29,6% пайызын түзөт. Казакстандан келген товар  21,7% пайызды жана Кытайдыкы болсо 17,5% пайызга жеткен. 2019-жылдын январь жана август айларында акчалай эсептегенде экспорттун көлөмү $ 700,2 миллион долларга жетти. Ал эми, импорт $ 2,1 миллиард долларды түздү.

https://ca-news.org/news:1569172