02.10.19

Тажикстандын тышкы соода жүгүртүүсүнүн 69% пайызы, Шанхай Кызматташтык Уюмунун өлкөлөрүнө туура келет (ШКУ).

Тажикстандын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинен маалымдагандай, өлкөнүн ШКУга мүчө мамлекеттери менен товар жүгүртүүсүнүн көлөмү үстүбүздөгү жылдын алгачкы сегиз айында көбөйгөн. Статистикалык маалыматтарга караганда, жогоруда көрсөтүлгөн мезгил ичинде ШКУга мүчө мамлекеттер менен товар жүгүртүүнүн көлөмү $1 миллиард 948,9 миллион долларды  түзгөн. Көрсөтүлгөн сумманын $1 миллиард 657,7 миллион доллардан  ашууну  ШКУга мүчө өлкөлөрдөн сатылып алынган товалар түзгөн.

Ошондой эле, ушул эле мезгил ичинде Казакстан, Орусия, Өзбекстан жана Индия менен товар жүгүртүүдө өсүштөр байкалган. Бирок, ШКУнун үч башка өлкөсү Кытай, Кыргызстан жана Пакистан менен соода жүргүртүүнүн көлөмү төмөндөгөн.

Тажикстандын ШКУдагы башкы соода өнөктөштөрү Орусия, Казакстан, Кытай жана Өзбекстан өлкөлөрү болуп эсептелет. Алгачкы сегиз айдын ичинде, бул өлкөлөр менен жүргүзүлгөн сооданын көлөмү болжол менен $1 миллиард 850,9 миллион долларды  түзгөн.

https://ca-news.org/news:1569642