11.10.19

Оруссиянын Борбордук банкынын маалыматы боюнча,  ушул эле  жылдын экинчи чейрегинде, Оруссияда эмгектенген жарандардын Тажикстанга акча которуулардын көлөмү $ 649 миллион долларды түзгөн. Бул тууралуу жума күнү, Тажикстандын телеграф агенттиги (TadzhikTA) билдирди.

2019-жылдын алгачкы алты айдын ичинде, Орусиядан Тажикстанга жеке адамдар тарабынан которулган акча каражатынын көлөмү, Тажикстандын 2019-жылынын сегиз айында жасаган экспортунун  көлөмүнө барабар экендигин белгилей кетүү керек.

Тагыраак айтканда, статистикага ылайык 2019-жылы Тажикстандын сыртка сегиз айда  экспортогон товарынын суммасы $ 700,2 миллион долларды түзгөн. Сыртка сатылган товарлар негизинен алюминий, баалуу металлдар жана пахта буласы болуп эсептелет.

Алюминий жана пахта кайрадан иштетилбестен чийки зат түрүндө сатылып жаткандыктан, аларды сатуудан түшкөн киреше алюминий жана пахтадан жасалган даяр буюмдарды сатуудан түшкөн пайдага караганда эки эсе аз болууда.

Оруссиядан Тажикстанга 6 ай ичинде акча которуулардын көлөмү Тажикстандан сегиз ай ичинде Оруссияга экспорттологон товардан жыйырма беш эсе  ($ 25,4 миллион доллар) жогору болгондугун белгилей кетүү керек.

Ошондой эле ушул жылдын 8 айында, Оруссиядан Тажикстанга импорттолгон  товардын көлөмү $ 629.2 миллион долларды түзгөн.

https://tajikta.tj/ru/news/za-6-mesyatsev-obem-transgranichnykh-perevodov-iz-rossii-v-tadzhikistan-sostavil-649-mln