15.10.19

Өзбекстандын Кокон шаарынан Тажикстандын Согди облусуна караштуу Шайдон шаарынын ортосунда, 19-октябрь күнү жаңы автобустук каттам ачылды. Бул тууралуу “УзА”  маалымат агенттиги, Өзбекстандын Транспорт министирлигинин басма сөз кызматынын берген маалыматына таянып жазып чыкты.

Эки шаардын ортосундагы аралык 84,5 километрди түзөт. Маршруттук каттамдарды “Isuzu” үлгүсүндөгү жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу автобустар аткармакчы. Жол киренин баасы 23 000 сум ($2,5 доллар) түзөт.

Эскерте кетсек, буга чейин дагы эки өлкөнүн ортосунда бир нече автобустук каттамдар ачылган болучу. Аларга, “Ташкент-Ходжент”, “Фергана-Ходжент”, “Термез-Душанбе”, “Денау-Душанбе”, “Самарканд-Пенджикент” маршруттары кирет.

https://tj.sputniknews.ru/country/20191021/1030078921/Uzbekistan-Tajikistan-novyy-avtobusnyy-marshrut.html