25.10.19
Тажикстанда жалпы суммасы  6 миллиард сомониге бааланган ($ 619 миллион доллар) тогуз энергетикалык долбоорду ишке ашыруу пландалып жатат.

Тажик телеграф агенттиги (ТаджикТА), бул тууралуу 25-октябрь күнү билдирди. Тажикстан Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги тараткан маалыматта: “Долбоорлор негизинен, учурдагы энергетикалык объектилерди реконструкциялоого багытталып жатат. Алардын ичинде, ири жана орто ГЭСтерди, жогорку кубаттуулуктагы электр өткөрүүчү линияларды жана подстанцияларды жаңыртуу болуп эсептелет. Тагыраак айтканда, Нурек, Кайраккум жана Сарбанд ГЭСтерин реконструкция иштерине  тийиштүү”- деп маалымдалат. Долбоорду иш жүзүнө ашырууга, эл аралык каржы институттарынын кредиттик жана гранттык каражаттары колдонулмакчы.

https://tajikta.tj/ru/news/v-tadzhikistane-realizuyutsya-devyat-energeticheskikh-proektov-na-619-mln-