11.11.19

Таджикстан республикасынын ири шаарларында  үч катмардан турган эстакадалык көпүрөлөрдү куруу маселесеси каралып жатат.

“Авеста” маалымат агенттигинин билдиришинче, ири шаарлардагы калктын жана унаа каражаттарынын санынын көбөйүшүн эске алып,  генералдык пландын алкагында үч катмардан турган эстакадалык көпүрөлөрдүн курулуусу каралып жатат.

Азырынча, үч катмардан турган эстакадалык көпүрө, Душанбе шаарында гана курулган. Борбор шаарда тек бир гана эстакадалык көпүрө пайдаланууга берилген болсо, экинчиси ушул 2019-жылдын аягына чейин куруп бүтүрүү пландалууда. Мындан сырткары, жакынкы он жылдын ичинде, Душанбе шаарында дагы ушул сыяктуу жети объектини куруу пландалып жатат. Тиешелүү мамлекеттик органдар, өлкөнүн ири шаарларында үч катмардан турган эстакадалык көпүрөлөрдү куруу маселесинде, эл аралык каржы институттары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышкандыгы белгилүү болду. Ушул эле  долбоорлорду ишке ашырууда, мамлекет дагы тиешелүү каражат бөлүп бермекчи.

Эксперттердин пикири боюнча, мындай эстакадалык көпүрөлөрдүн курулушу шаарлардагы  унаа  каражаттарынын тыгындысынын санынын азайышына алып келмекчи.

https://ca-news.org/news:1576676