21.11.19

Тажикстан, январь жана октябрь айларында Өзбекстан, Ооганстан  жана Кыргызстанга 89 миллион долларга электр энергиясын сатты.

Тажикстандын энергетика башкармалыгынын билдирүүсүнө ылайык, Тажикстандан  он ай ичинде, Өзбекстанга, Ооганстанга жана Кыргызстанга саткан электр энергиясы өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырганда 21 пайызга жогорулаган.

Январь, октябрь айларында, Тажикстан коңшу өлкөлөргө 3 миллиард киловатт-саат электр энергиясын экспорттогон. Түшкөн каражат 89 миллион долларды түзгөн. Көрсөтүлгөн мезгилдин ичинде өлкөдө электр энергиясын өндүрүү 17 миллиард киловатт-саатты түзгөн, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 5,2 пайызга көптүк кылат.

Тажикстан, жылдын аягын чейин коңшу өлкөлөргө 3,5 миллард киловатт-саат электр энергиясын экспорттко чыгарууну пландап жатат. Сатылган электр энергиянын бир киловатты үчүн Ооганстан 4,11 цент, Өзбекстан болсо 2 цент төлөйт.

Өткөн 2018-жылы 19,7 миллиард киловатт-саат электр энергия өндүргөн Тажикстан, Ооганстанга, Өзбекстанга жана Кыргызстанга саткан жалпы 2,4 миллиард киловатт-саат электр энергиядан 77 миллион доллар пайда тапкан.

http://kabar.kg/tur/news/tacikistan-n-kom-u-ulkelere-elektrik-ihracat-artt/