05.12.19

Тажикстан келерки жылы $402,2 миллион долларга бааланган алюминийди (иштетилбеген түрүн) чет өлкөлөргө  сатууну көздөөдө. Мындан тышкары,  глинозем (алюминийдин дагы бир түрү) $360,8 миллион долларга сырттан сатып алууну болжолдоодо.

Бул тууралуу, Тажикстан телеграф агенствосу (ТаджикТА)  маалымдады.  

Мындай пландоо, Тажикстандын 2018-2020-жылга макроэкономикалык абалына болжолдуу баа берүү үчүн түзүлгөн документинде  көрсөтүлгөн болучу.  Документке ылайык, 2020-жылы сырттан $360,8 миллион долларга 440 миң тонна глинозем сатып алуу каралган. Ал эми, баасы $402,2 миллион долларды түзгөн, 260 миң тонна алюминийди экспортко чыгаруу пландалган эле.

Эскерте кетсек, 2019-жылдын февраль айында, Тажикстандын Экономикалык өнүгүү жана соода министри Негматулло Хикматуллозода  пресс-конференция берип жатып, Тажикстан 2019-жылы алюминийди өндүрүүнү 1,6 эсеге жогорулата тургандыгын айткан болучу.

Үстүбүздөгү жылдын соңуна чейин, Тажикстанда 149,000 тонна алюминий өндүрүлмөкчү. Өткөн 2018-жылы, өлкө 96,000 тонна алюминий казып алган.

 

https://tajikta.tj/ru/news/tadzhikistan-v-2020-godu-planiruet-eksportirovat-alyuminiy-na-402-2-mln