09.12.19

Евро биримдиктин (ЕБ) Тажикстандагы элчиси Мэрилин Йосефсон жана Германиянын Өнүктүрүү банкынын (KfW) Душанбе шаарындагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Андреас Шнайдер, өткөн аптада Тажикстан Республикасынын Тоолуу Бадахшан автономиялуу областына караштуу, Рошткалин районунда “Себзор” ГЭСинин курулушун каржылоо боюнча макулдашууга  кол коюшту.

Бул тууралуу, Тажик телеграф  агенттиги (ТажикТА) жазып чыкты.

Евро биримдиктин (ЕБ) Душанбе шаарында жайгашкан өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, “Себзор” ГЭСинин курулушуна 17 миллион евро өлчөмүндөгү каражат Германиянын өкмөтү тарабынан буга чейин бөлүнүп берилген болучу. Ал эми, дагы кошумча катары  20 миллион евро бөлүп берүү чечими кабыл алынды.

Ошентип, аталган макулдашуудан кийин, долбоордун курулуш иштерин каржылоонун жалпы суммасы 37 миллион еврону түздү.

Евро биримдиктин (ЕБ) элчиси Мэрилин Йосефсон, долбоордун социалдык жана экологиялык маанисин белгилеп жана Афганистандын Бадахшан провинциясына электр энергияны экспорттоого  мүмкүндүк бере тургандыгын билдирди.

Германиянын Өнүктүрүү банкынын (KfW) Душанбе шаарындагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Андреас Шнайдер болсо, долбоордун  Рошткалин районунда жана жалпы эле Тоолуу Бадахшан автономиялуу областында, таза электр энергияны өндүрүүгө шарт түзөт деп белгилеп өттү.

"Себзор" ГЭСнин куруу иштери аягына чыгарылса, жылына 74,5 миллион кВт электр энергиясын иштеп чыгууга жөндөмдүү болот.  Аны “Шохдара” дарыясына куруу пландалган.

Эскерте кетсек, долбоорду каржылоону Германиялык Өнүктүрүү банкы (KfW) колго алган.

https://tajikta.tj/ru/news/evrosoyuz-vydelyaet-20-mln-evro-na-stroitelstvo-ges-sebzor-tadzhikistana-