13.12.19

Тажикстандын Айыл чарба министрлигинин басма сөз борборунун маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылы, дээрлик 400 миң тонна пахта, 858,4 миң тонна дан эгиндери жыйналган. Бул тууралуу, жума күнү Тажик телеграф  агенттиги (ТажикТА) жазып чыкты.

Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматынын билдиришинче, 2019-жылдын жаз айларында 185 миң 670 гектар аянтка пахта себилген, 25-ноябрга карата өлкөдө 398 миң 380 тонна пахта жыйналган. Маалыматка ылайык, пахта жыйноо көрсөткүчү 2018-жылы чогултулган пахтанын көлөмүнөн 110 миң 434 тоннага жогору болгон. Белгилей кетсек, бул айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгү ар бир гектарынан орточо 21,5 центнерди түзгөн.

Ошондой эле, жалпы Тажикстандын аймагы боюнча, үстүбүздөгү жылдын 22-ноябрь күнү чыгарылган жыйынтык  боюнча, 858,4 миң тонна дан өсүмдүктөрү жыйналган. Келе жаткан 2020-жылы, дан эгиндеринен түшүм алуу үчүн 109 миң 103 гектар аянтка күзгү айдап себүү иштери аткарылды. Бул алдын ала белгиленген пландын 70% пайызын түзөт.

Эскерте кетсек, өткөн 2018-жылга салыштырмалуу быйылкы алынган түшүм 148 миң 408 тоннага көптүк кылат.

https://tajikta.tj/ru/news/v-tadzhikistane-sobrano-pochti-400-tys-tonn-khlopka-i-858-4-tys-tonn-zernovykh