30.12.19

Тажикстандын экономикасына $1 миллион доллардан жогору инвестиция салган чет элдик жаранга 5 жылдык мөөнөткө виза берүү өлкөнүн мыйзамында каралган. Бул тууралуу, Тажик телеграф агенттиги  (ТаджикТА) билдирди.

Азыркы учурда, Тажикстанда 200 ашык туристик компаниялар, иштеп жатышат. Ошондой эле, туризм тармагына тиешелүү болгон 15 инфраструктуралык долбоорлор  жеңилдетилген шарттар менен курулууда.

2019-жылдын 9 айында өлкөгө 1 миллиондон ашык чет өлкөлүк туристер келишкен. Башкача айтканда бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 20% пайызга көптүк кылат. Туризм тармагы боюнча Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон өз оюн билдирген болучу. Анын айтымында, биринчи кезекте туризм тармагына боюнча кадрларды даярдоо өтө маанилүү болуп эсептелет. Өлкө башчысы, туризм тармагын өнүктүрүү үчүн Туризм институтун ачууну сунуштап өттү.

https://tajikta.tj/ru/news/inostrantsam-investiruyushchim-v-tadzhikistan-svyshe-1-mln-predlagayut-davat-vizu-na-5-let-