17.01.20

2020-жылга Тажикстандын мамлекеттик казынасынан энергетика  секторун өнүктүрүүгө   3 миллиард  927,6 миллион сомони ($405,3 миллион доллар), бөлүнүп берилмекчи. Бул каражаттын жарымынан көбү, Рогун ГЭСин курулушуна жумшоо пландалууда. Бул тууралуу, Тажик телеграф агентствосу  (ТаджикТА) жума күнү билдирди.

Тажикстандын Финансы министирлиги тараткан маалыматта: “Үстүбүздөгү жылга карата, Тажикстандын мамлекеттик казынасынан энергетика  секторун өнүктүрүүгө   3 миллиард  927,6 миллион сомони ($405,3 миллион доллар), бөлүп берүү каралган. Анын 2,1 миллиард  сомони ($216,7 миллион доллар) Рогун гидроэлектростанциясынын курулушуна коротулат”, - деп билдирет. Бюжеттик каражаттын эсебинен Рогун ГЭСинин курулушун аягына чыгаруу өткөн жылы эле пландалган болучу.

Жапысынан 2019-жылы гидростанцияны курууга 4 миллиард сомони коротуу пландаштырылып, ал каражатка курушка керектүү тетиктер сатылып алынган болучу. Ал эми, 2018-жылы Рогун ГЭСинин курулушуна 4,7 миллиард сомони жумшалган, бул көрсөткүч 2017-жылга салыштырмалуу 889 миллион сомониге көптүк кылат.

Эске сала кетсек, 15-январь күнү Тажикстандын парламентинин төмөнкү палатасы тарабынан, “Мамлекеттик мүлктөрдү менчиктештирүү” мыйзамына өзгөртүү киргизилген болучу. Мыйзамдагы жаңы өзгөрүүлөр, Рогун ГЭСинин курулушуна чет элдик инвестиция тартууга мүмкүнчүлүк бермекчи.

https://tajikta.tj/ru/news/na-stroitelstvo-rogunskoy-ges-tadzhikistana-vydelyat-216-7-mln