24.01.20

Тажикстан жана Кытайдын ортосундагы товар жүгүртүү 90-жылдардын башынан бери  $2,75 миллион доллардан баштап $600 миллион долларга чейин өскөн. Бул тууралуу, Душанбе шаарында өткөн Синьцзян Уйгур Автономиялуу (СУАР) районуна арналган фото көргөзмө учурунда Кытай Республикасынын элчиси Лю Бинь билдирип өттү.

Элчи Лю Бинь Кытайдын Тажикстанга салган инвестицияларына кыскача токтолуп: “2019-жылы Кытай Тажикстанга $210 миллион доллар инвестиция жасаган. Ал эми, жалпы инвестициянын көлөмү $2,398 миллиард долларга жеткен, бул көрсөткүч Тажикстанга келген чет элдик инвестициялардын   50,5% пайызын түзөт”-деп билдирип өттү.  

Эскерте кетсек, азыркы учурда Тажикстанда 400 ашык кытайлык иш каналар иштеп жатышат. Алар Тажикстандагы ири салык төлөөчүлөр болуп эсептелишет.

https://tajikta.tj/ru/news/tovarooborot-mezhdu-kitaem-i-tadzhikistanom-vyros-s-2-75-mln-do-600-mln-