CA-NEWS (TJ) 2017-жылдын 26-ноябрында Казакстандын Көкшетау шаарынын Достук маданий үйүндө өлкөдөгү биринчи “Санги Кабуд” тажик улуттук-маданий борбору ачылды.

Иш-чарага Тажикстандын элчиси Назирмад Ализода, Тажикстан аскердик атташеси Рустам Жумаев жана Казакстандагы тажиктердин коомдук бирикмелеринин жана маданий борборлорунун төрагасы Шакарбек Норматов катышышты.

Бул борбордон жергиликтүү жашоочулар, анын ичинде бул жакта жашаган тажиктер Тажикстандын маданияты жөнүндө кененирээк маалымат ала алышат, кызыктуу иш-чараларга катышып, билим деңгээлин жогорулатууга мүмкүнчүлүктөрү бар.

“Санги Кабуд” борборунун төрагасы тегерек үстөлдөн баштап ири масштабдуу иш- чараларды камтыган көптөгөн пландарынын бар экендигин айта кетти. Ал ошондой эле бул борборду ачуу оңойго турбагандыгын бирок мамлекет бюрократиялык иштерди чечүүгө жардам бергендигин кошумчалады.

Норматов буга чейин өлкөдө “Санги Кабуд” сыяктуу жерлердин болбогондугун белгиледи. Акмола областында Казакстандын маданиятына жигердүү катышкан көптөгөн этникалык тажиктер жашай тургандыгын эскерте кетти.