28.01.20

Тажикстан 2020-жылы Өзбекстандан 200 миллион кубометр газ сатып алууну көздөөдө.

 “Таджиктрансгаз” ачык акционердик коомунун директорунун орун басары Шавкат Шоимов, Душанбе шаарында дүйшөмбү күнү журналистер менен көрүшүп жатып, бул маселе боюнча Өзбекстан менен сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын билдирип өттү. 

Шавкат Шоимовдун  айтымында, өткөн 2019-жылы Тажикстан коңшу өлкөдөн $17,7 миллион долларга 140 миллион кубометр өлчөмүндө көгүлтүр от сатып алган. Сатылып алынып келген газды, өлкөнүн бир нече чакан жана ири ишканалары пайдаланышкан.

Ал эми,  2018-жылы  бул көрсөткүч 54 миллион  кубометр өлчөмүндө ($6,9 миллион доллар) болгон.  

Эскерте кетсек, Тажикстанда Өзбекстандын газын пайдаланган ири иш каналарга “Душанбе ТЭЦ-1” жылуулук борбору  жана “Талко” алюминий чыгарган  компаниясы кирет.

 

http://avesta.tj/2020/01/28/tadzhikistan-planiruet-importirovat-iz-uzbekistana-200-mln-kubometrov-gaza/