06.02.20

Тажикстандын Улуттук банкы 2019-жылга алтын-валюта резервдериндеги монетардык алтындын запасын 22,4% пайызга же 27,3 тоннага чейин көбөйткөн. Бул тууралуу, “Прайм” маалымат агенттиги жазып чыкты.

Душанбе шаарында болуп өткөн пресс-конференцияда, Тажикстандын Улуттук банкынын жетекчиси Джамшед Нурмухаммадзода: “Өткөн жылы, Улуттук банк  5 тонна алтын сатып алган, ушул жылы 6 тонна алтын сатып алууну пландаштырып жатабыз”, - деп билдирген. Тажикстандын жалпы алтын-валюталык резервдери 2019-жылы 15,2% пайызга өсүп, бул көрсөткүч  2020-жылдын 1-январына карата 1,479 миллиард доллардан ашкан.

Тажикстан 2019-жылы алтын казып алууну өткөн жылга салыштырганда,  26,2% пайызга көбөйткөн же 8,1 тонна алтын өндүрүлгөн. Өлкөдө өндүрүлгөн алтындын 70% пайызы  Тажикстан жана Кытай биргелешип курган “Зарафшон” компаниясына туура келет.

Эскерте кетсек, жалпысынан Тажикстанда 10 чакты алтын казып алуучу компаниялар бар. Алардын ичинен эң ирилери:  “Зарафшон”, “Апрелевка” сыяктуу башка өлкөлөр менен биргелешип курулган компаниялар жана мамлекетке тиешелүү болгон “Тиллои точик”, “Одина” жана “Пакрут” компаниялары кирет.

https://centralasia.media/news:1594944