10.02.20

2019-жылы Тажикстанга зыярат кылган чет өлкөлүк  туристтердин саны 1 млн 257 миң 300 адам болгон, бул 2018-жылга салыштырмалуу 21,6% пайызга (219,7 миң адам) көп болгон. Бул тууралуу, Тажик телеграф агенттиги (ТажикТА) жазып чыкты.

Тажикстандын өкмөтүнө караштуу, Туризмди өнүктүрүү комитетинин төрагасы Ширин Амонзоданын айтымында, туризмдин географиясы кеңейип жана Тажикстанга саякат кылуу максатында, дүйнөнүн 146 өлкөсүнүн туристер келген.  Ал эми, 2016-жылы 59 гана өлкөдөн туристер келишкен болучу.

Тажикистан Республикасына келүүчүлөрдүн басымдуу көпчүлүгү, Өзбекстандын жарандары түзгөн. Алардын саны 853 миң 634 адам болгон. Тажикстанга келген туристтердин саны боюнча экинчи орунда Россия  212 миң адам, ал эми үчүнчү орунда Кыргызстандан 116 миң турист келген.

Алдынкы биринчи ондукка Казакстан, Афганистан, Кытай, Түркия, Бириккен Араб Эмирликтери (БАЭ), Германия жана Индия өлкөлөрү кирген. Индия, Франция жана Япониядан келген туристтердин саны үч эсеге көбөйгөн. Өткөн жылга салыштырмалуу Кыргызстандан, Афганистандан, Америка, Украина, Түркмөнстан, Канада жана Түштүк Кореядан келген туристтердин саны 50%пайызга өскөн.

Ширин Амонзода белгилегендей, 2019-жылы Тажикстандын экономикасына туризмден түшкөн киреше, билеттерди сатуунун эсебинен 267,5 миллион долларды түзгөн. Тажикстандын казынасына туристтик кызмат көрсөтүүнүн эсебинен 403 миллион 760 миң сомони келип түшкөн. Өлкөнүн ички дүң өндүрүмүндөгү (ИДӨ) туризмдин үлүшү 2,2% пайызды түзгөн.

https://tajikta.tj/ru/news/-v-2019-m-tadzhikistan-posetili-na-21-6-turistov-bolshe-chem-v-2018-godu-