12.02.20

Тажикстан ушул жылы Афганистанга электр энергиясын экспорттоону көбөйтүүнү пландап жатат. Бул тууралуу, 11-февраль күнү Душанбе шаарында "Барки точик" мамлекеттик энергетикалык компаниянын төрагасы Мирзо Исмоилзода журналисттер менен жолугушуу учурунда билдирген.

Анын айтымында, Афганистанга тиешелүү “Брешно" аттуу энергетикалык компаниясы менен электр энергиясын сатуу тууралуу келишимге жетишилгени айтылган.

Келишимге ылайык, үстүбүздөгү жылы Тажикстан Афганистанга 1 миллиард 588 миллион кВт/с көлөмүндө электр энергиясын экспорттойт. Бул 2019-жылга салыштырганда дээрлик 30 миллион кВт/с көптүк кылат. Былтыр коңшу өлкөгө 1 миллиард 458,2 миллион кВт/саат электр энергиясын (60,6 миллион доллар) экспорттолгон.

"Барки точик" мамлекеттик энергетикалык компаниянын төрагасы Мирзо Исмоилзода маалымдагандай, үстүбүздөгү жылга карата коңшулаш Өзбекстан мамлекетине дагы электр энергиясын сатуу жана ага болгон акчалай баасы, март айында өтө турган өкмөттөр аралык комиссиянын кеңешмесинде талкууланмакчы.

Мирзо Исмоилзоданын айтымында, өткөн жылы коңшу Өзбекстанга 1 миллиард 425,1 миллион кВт/с электр энергиясы  сатылган (28,5 миллион доллар) болчу.

http://avesta.tj/2020/02/12/tadzhikistan-planiruet-uvelichit-obemy-eksporta-elektroenergii-sosedyam/