11.02.20

Кытай 2019-жылы, Тажикстандын экономикасына инвестиция салган өлкөлөрдүн ичинен алдыңкы орунду ээледи. Бул тууралуу, Тажикстандын Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана инвестициялар боюнча комитетинин башчысы Фаррух Хамрализода билдиргендигин "Авеста" малымат агенттиги жазып чыкты.

Анын айтымында, 2019-жылы Тажикстанга 346 миллион доллар көлөмүндө чет элдик инвестициялар келип түшкөн. Бул көрсөткүч, 2018-жылга  караганда 6% пайызга көптүк кылат. Кытай Тажикстанга тикелей инвестиция салган мамлекеттердин ичинен лидер өлкө болуп саналат.

2019-жылы Кытай тарап салган түз инвестициялардын жалпы көлөмү 262,3 миллион долларды түзгөн.

Орусия салган түз инвестицияларынын көлөмү 33,1 миллион долларды түзсө, Англия 13,9 миллион доллар салган.  Ал эми, Тажикстандын экономикасына Түркия салган тикелей  инвестициянын үлүшү 13,5 миллион долларга жеткен.

Фаррух Хамрализоданын айтымында, өткөн жылы жети инвестициялык келишимге кол коюлган. Аларды ишке ашырууда, сегиз жаңы өндүрүштүк ишкананын курулушу белгилеген. Аталган инвестициялык макулдашуулардын суммасы 2,4 миллиард сомонини (247,6 миллион доллар) түзгөн.

Тажикстанда, азыркы учурда 65 даана мамлекеттик инвестициялык долбоор ишке ашырылып  жана алардын жалпы суммасы 32,1 млрд сомонини (3,3 миллиард доллардан ашык) түзгөн.

Бул долбоорлор Тажикстандын экономикасынын ар түрдүү тармактарында ишке ашырылган.

http://kabar.kg/news/kitai-lidiruet-po-ob-emu-priamykh-investitcii-v-tadzhikskuiu-ekonomiku/