03.03.20

Түркмөнстандан Кытайга чейинки "Борбордук Азия-Кытай" газ куурун куруу долбоорунун алкагында каралган 45 туннелдин биринчи туннелинин курулушу аяктоо алдында  турат. Бул тууралуу, "Авеста" маалымат агенттиги жазып чыкты.

Тажикстандын Энергетика жана суу ресурстары министрлигинин маалыматы боюнча, Рудаки районунун аймагында жайгашкан биринчи туннелдин курулуш иштеринин 98% пайызы аткарылган.

«Таджиктрансгаз» ачык акционердик коомунун жетекчиси Саидахмад Шамсиддинзода: "Тажикстан өкмөтүнүн бул долбоордон алчу пайдасы кошумча салык алуу, жумуш орундарын түзүү болуп саналат. 32 жыл аралыгында Тажикстан  15 миллиард доллар киреше табууну мерчемдөөдө", – деп билдирди.

Долбоордун алкагында жалпы узундугу 75 чакырымды түзгөн 45 даана туннелди жана башка инфраструктуралык курулуштардын жасалышы  каралган. Долбоорду ишке ашырууда, Тажикстандын 3 миңден ашуун жараны иш менен камсыз болмокчу.

Аталган газ түтүгүнүн узундугу, Тажикстан аймагы боюнча 400 чакырымдан ашык болот.

Бул газ түтүгү аркылуу, Түркмөнстандан Кытайга жыл сайын 25-30 миллиард кубометрлик жаратылыш газы өткөрүлүп турары күтүлүүдө. Бул долбоордун алкагында, Кытайдан Тажикстандын экономикасына 3 миллиард доллардан ашуун түз инвестиция тартууга мүмкүндүк берет.

http://kabar.kg/news/tonnel-po-proektu-gazoprovoda-tca-kitai-v-tadzhikskom-raione-rudaki-pochti-gotov/