18.03.20
Тажикстандын Республикасы жылдын алгачкы эки айында, импорттук товарларды сатып алуу үчүн 557 миллион доллар каражат сарптаган. Бул тууралуу, "Авеста" маалымат агенттиги жазып чыкты.


2020-жылдын январь жана февраль айларында Тажикстандын тышкы соода жүгүртүүсү 700,5 миллион долларды түзгөн, бул 14,8% пайызга, же 2019-жылдын ушул эле айларына караганда 90 миллион долларга көп болгон.
2020-жылдын январь-февраль айларында товар экспорттоо 143,6 миллион долларды түзгөн. Ал эми, ушул мезгил ичинде өлкөгө 556,9 миллион доллар суммасында товар импорттолгон. Импорт экспорттун көрсөткүчүнөн 3,8 эсеге жогору болгон.
Товарларды импорттоонун көлөмү 15,6% пайызга же 75миллион долларга өсүп, ал эми экспорттун өсүшү 11,7% пайызды түзгөн же өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 15,1 миллион долларга көп болгон.
Тажикстан учурда дүйнөнүн 86 өлкөсү менен соода-сатык мамиле жасап келет.
Тажикстандын башкы соода өнөктөштөрү менен болгон товар жүгүртүү Россия 172,7 миллион доллар, Казакстан 163,6 миллион доллар, Кытай 107,4 миллион долларды түзгөн.

/http://kabar.kg/news/vneshnetorgovyi-oborot-tadzhikistana-vyros-pochti-na-15/